«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга  байланат» (хадис)
Коом | 01.03.2026
  • |

Азирети Муфтий тынчтык тилеп дуба кылды

Бүгүн, 1-март күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров дүйнө элинин тынчтыгын, үммөт амандыгын жана Мекен бүтүндүгүн Жараткандан тилеп, дуба кылды. Ошондой эле КМДБ жетекчилигинин демилгеси менен өлкөдөгү бардык мечиттерде тараба намаздарында дуба кылынмакчы. 

Азирети Муфтийдин дубасы толугу менен берилет:

الحمدلله الذي هدانا للإيمان والإسلام وجعلنا من أمة  محمد عليه  الصلاة والسلام 
ربنا اغفر لنا ذنوبنا و كفرعن سيئاتنا و توفنا مع الأبرار 

Оо, Жараткан Аллахым!
Сага бардык мактоолор болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхис-саламга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына салават саламдар болсун.

Оо, Раббим!

Дүйнө элине тынчтык бер. Жер шарында эч бир жан бейкүнөө жабыркабасын. Себепсиз бомбалар жарылып, мылтыктар атылбасын. Апаат-согуш себептүү наристелер ыйлабаса экен. Учурда жүз берип жаткан согуштар, куралдуу кагылыштар жана кандуу жаңжалдар тез арада басылып калса экен.

Оо, Раббим!
Өзүң шарапаттуу кылган Рамазан айында турабыз. Ушул ыйык Рамазан айынын урматына Ислам үммөтүнө биримдик жана ынтымак насип кыл. Ислам коомдордунун ортосундагы түшүнбөстүктөрдү, душмандыктарды, касташтыкты кетире көр. Мусулмандардын ортосуна бир туугандык сезимди, тилектештикти, боорукердикти сала көр.

Оо, Жаратканым!

Дүйнөнүн ичинде бейиштей болгон күнөстүү өлкөбүзгө тынчтык, береке-пейиз жана өнүгүү насип кыл. Элибизге ыйман, ынтымак жана береке насип кылгын. Жүрөктөрүбүздү бириктирип, арабыздагы кастыкты, жаман ойлорду кетиргин. Бизди туура жолдон адаштырба, акыйкатты акыйкат деп таанып, аны ээрчиген, жамандыкты жаман деп билип андан сактанган пенделериңден кыла көр.

Оо, Аллахым!

Карыларыбызга нарктуулук, жаштарыбызга барктуулук ырооло. Өзгөчө жаш муунга бекем ыйман, билим жана акыл-парасат бер. Коомубузду ар кандай бүлгүнчүлөрдүн жамандыгынан, бөлүп-жаргычтардын айла-амалынан, шайтандын жана армиясынын тузагынан сактай көр.  

Илимдүү аалымдарыбыздан ортосуна ынтымак, урмат-сый бер. Жетекчилерибизге өлкөнүн түйшүгүн көтөрүүнү жеңил кылып, аларды туура жолдон адаштырба. Балдарыбызга ыйман жана адеп-ахлак бер. Үй-бүлөлөрүбүзгө тынчтык, ырыскыбызга береке бер. Жаннаттай болгон жерибизге аманчылык насип этип, дыйкандарыбызга береке бер. Эгин тигиндерибизди апаат-балээлерден сакта.

Бизди текеберликтен, фитна-бөлүнүүдөн сакта. Кылган кызматтарыбызды Өзүңдүн ыраазычылыгың үчүн деп билип, өз даргөйүндө кабыл ал. Кемчиликтерибизди кечир, күнөөлөрүбүздү жаап, акыретте жүзүбүздү жарык кыл.

Оо, Аллахым! 

Бизди бөлүнүп-жарылуудан сакта. Арабызды кара мышык аралагандан сакта. Ыймандууларды жаман көрүп калуудан сакта. Шайтандын жамандыгынан жана шайтан кирип алгандардын жамандыгынан сакта. Асман жана жерден келген балээлерден сакта. Айыккыс оорулардан сакта. Оомийн.

وصل اللهم وسلم وبارك علي محمد وعلي آل محمد كما صليت وسلمت علي نبيك إبراهيم وعلي آل إبراهيم انك حميد مجيد