«Уят – ыймандын бир бөлүгү» (Бухари, Муслим)
баарын көрүү
Коом | 21.03.2026
  • |

Азирети Муфтийлер кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркиянын Дин иштери министри, проф., док Сафи Арпагуш, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Өзбекстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтийи, шейх Нуриддин Калыкназаров сыяктуу ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтийлери, Россия мусулмандарынын диний лидери, башкы муфтий шейх Равиль Гайнутдин баштаган КМШ муфтийлери Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировду ыйык Орозо айт майрамы менен куттукташты.

Муфтийлердин айттык куттуктоолорунда Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун иштерине ийгилик каалап, жалпы кыргыз элине тынчтык, береке жана өнүгүү каалашты.