Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 26.07.2025
  • |

Азирети Муфтий Ат-Башыдагы эмгеги сиңген Үрүстөм молдону зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ат-Башы районуна жасаган иш сапарынын алкагында аймактагы белгилүү молдо Үрүстөм ажыны зыярат кылды.

Зыяратынын алкагында ажынын дубасын алып, үйүндөгү кол жазмалар менен таанышты.

1967-жылы Ат-Башыда туулган Үрүстөм ажы Молдо Шамшинин шакирти болуп, айтылуу диний аалымдар менен чогуу окуганын, райондогу туңгуч мечит болгон «Жаамии» мечитинин имам-хатиби болуп көп жыл кызмат кылганын, бул тарыхый мечитте кезегинде Жолборскан ажы төрө, Жусуп ажы, Назирбек молдо (учурдагы Азирети Муфтийдин атасы) сыяктуу алп аалымдар иштеп, Ат-Башынын тургундарына ат көтөргүс кызмат кылышканын айтты.

Ал өзгөчө Назир молдо боюнча кеңири токтолуп, анын кооз адеп-ахлагын, уккулуктуу кыраатын, санатын айтып, андан чоң таасират алганын белгилеп,

«Назирбек молдо өтө такыба адам эле. Ал киши атеизм тушунда оор мезгилдерде динибиз үчүн өтө көп мээнет кылды. 1980-жылдары Ат-Башыга келип, ак дили менен кызмат өтөдү. Биздин диний сабатыбызды ошол киши ачкан. Назирбек молдонун эмгегинин арты менен мечитке эл көп келе баштаган. Ошол мубаарек инсандын бир кездеги кичинекей тестиер уулу бүгүн Азирети Муфтий болуп олтурат. Бул кокустук эмес. Бир кездерде дин үчүн кылынган опол тоодой кызматтын, дуба-тилектердин, күнү-түнү кылынган ибадаттардын шарапатыдыр», – деди Үрүстөм ажы.

Үрүстөм молдо Ат-Башыда үлкөн молдолор пайдаланып келген, кезинде Назирбек молдо окуп турган, учурда үйүндө сакталып калган эски кол жазмадагы «Тафсиру Жалалайн» китебин Азирети Муфтийге белек кылды.

Азирети Муфтий баалуу жана таберик белек үчүн ыраазычылык билдирип,

«Атаң өлсө өлсө өлсүн, бирок атаңды көргөн өлбөсүн» деген улуу сөз бар эмеспи элибизде. Ушул накыл сөздүн маанисин да бир жолу жон терим менен сезип жатам. Үрүстөм ажым, ыраматылык атам менен замандаш, айылдаш, санаалаш, үзөңгүлөш элеңиз. Эсимде, биз кичинекей кезибизде үйгө келип, сабак алып, диндин камын көрчүсүздөр», – деди.

КМДБ жетекчиси учурда жер-жерлерди кыдырып, имамдардан кабар алып жатканын, аны менен бирге оор кезеңдерде исламиятка кызмат кылган улуу муун аалымдарын зыярат кылып, урматын жайына коюп, дубаларын алып жатканын айтып өттү.

Назирбек молдо тууралуу:

Назирбек молдо 1954-жылы 1-январда Жети-Кошкон айылында туулган. Аркалык айылындагы Абыш молдо менен Жамалдин Максымдан, Исмаилов Кошон молдодон (молдо Талыпжан) илим алган. Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаары) борбордук мечитте баш имамдын убактылуу орун басары жана азанчы, Ат-Башы районундагы, Балыкчы шаарындагы, Чүй облусунун Панфилов районундагы борбордук мечиттерде жана Чалдовар айылындагы мечитте баш имам-хатиб болуп, элге кызмат кылган. Имамдык кызматта иштеген жерлеринде көптөгөн шакирттерди окутуп тарбиялаган. Молдо Назирбек 1998-жылдын 10-октябрь күнү түбөлүктүү чын дүйнөгө сапар тарткан.