Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров райондордогу диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуп, пикир алышууга багытталган иш сапары менен Баткен облусунун Баткен районуна барды.
Баткен районунун борбордук мечитинде Куран окуу жана дуба кылуу менен башталган иш-чарада Баткен шаар-районунун баш имам-хатиби Сайдахмад ажы Аппазов 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчеттук маалымат берди.
Азирети Муфтий район-шаардагы диний кызматкерлерге жыйын өткөрүп, үй-бүлө баалуулуктарын коргоо, зордук-зомбулуктарга каршы агартуу иштерин колго алуу, салттуу ислам болгон матуридилик-ханафиликти сактоо, ысырапкорчулукка каршы иш-аракеттер, ислам жана медицина ж.б. боюнча доклад жасады.
Ошондой эле КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеми боюнча маалымат берип, анын алкагында аткарылган демилгелер жана мерчемге ылайык бекитилген жарым жылдык иш-план менен тааныштырды.
«Имам – бул коомдун алдыңкы өкүлү, интеллигенти, лидери деген сөз. Пайгамбар мураскорлору болуп эсептелген аалым-молдолору эл ичиндеги ар кандай жагымсыз көрүнүштөр менен күрөшүү жана алдын алууда өзгөчөлөнүп турушу керек. Калайыкты жакшылыкка жанаштырып, жамандыктан адаштырууда жол башчы болушу талап кылынат. Ошондой эле оболу Алла Таала насип кылып, андан соң биз ишеним артып имам дайындаган соң жоопкерчиликтүү болуп, мечитти абад кылып, таза кармап, элге жогорку деңгээлде диний кызмат кылуу зарыл», – деп билдирди Азирети Муфтий өз баяндамасында.
КМДБ жетекчиси мындан сырткары имамдардын сунуш-пикирлерин жана ойлорун угуп, суроолоруна жооп берди.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин аймактагы өкүлү Чагылган Юсупов диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө сөз кылса, КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов имамдардын этикасы, нике маселеси жана диний баяндын форматтары боюнча маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө муфтияттын «Нарк» долбоорунун алкагында тартылган таалим-тарбиялык видеолор көрсөтүлдү.
Ошондой эле райондо диний агартуу иштерин жигердүү жүргүзүп келе жаткан Шорофидин Баширов, Адылбек Имаров жана Ибрахим Адилов аттуу диний үгүтчүлөргө муфтияттын Ыраазычылык баракчасы тапшырылды.