Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 06.08.2025
  • |

Азирети Муфтий динге 30 жыл мээнет кылган Нурдөөлөт ата менен жолугушту

Бүгүн, 6-август күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Талас облусунун Манас районуна жасаган иш сапарынын алкагында райондогу ардактуу диний кызматкер, улуу муун молдолорунун бири Нурдөөлөт Изакеевден кабар алды.

«Биз азыр жер-жерлерде имамдар менен жолугушуп, амандашып, пикир алышып, сунуш-пикирлерин угуу максатында өлкөнү кыдырып жүрөбүз. Ушул иш-чарага жанаша эле оор мезгил, кыйын кезеңдерде атпай журтка кызмат кылып, динге мээнет кылган ардактуу имам-молдолорду зыярат кылып, дубаларын алып жатабыз. Сиз дагы биз сыйлаган кадырман имамдарыбыздансыз. Кыйчалыш учурда кабагым-кашым дебей, динибизге кызмат кылып, элдин диний муктаждыгын камсыз кылгансыздар. Кудайым кызматыңыздарды кабыл кылып, эки дүйнөдө тең жакшылыгы менен сыйласын», – деди өз сөзүндө.

Ардактуу дин кызматкери тууралуу:

Нурдөөлөт Изакеев 1937-жылдын 9-майында Талас облусуна караштуу Айтматов районунун Чеч-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Дин жолуна көптөгөн кызматтарды кылган атанын диний ишмердүүлүгү Кеңеш өкмөтү жаңы таркап, эл ыйманга суусап турган кезге туура келген. Атап айтсак, 1993-жылы Манас районунун баш имам-хатиби болуп дайындалып, эл кыдырып, калайыкты улуу ислам динине чакырган. Ошондой эле жергиликтүү балдарды Куран окууга жана Ислам таанууга аракет кылып, аймакта дин маданиятынын өнүгүшүнө чоң салымын кошуп келген. Учурда анын шакирттери алдыңкы устат, мугалимдерден болуп эмгектенип келишет. 

Нурдөөлөт ата ошондой эле мечиттердин салынышына да чоң салымдарын кошкон. Учурда уулдарынын маңдайында сый көрүп, неберелеринин сүйүктүү чоң атасы болуп, ардакттуу эс алууда.