Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 10.09.2025
  • |

Азирети Муфтий Казакстандын муфтийи Ноорузбай ажы Таган уулун тосуп алды

Бүгүн, 10-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулун «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Кадырлуу Ноорузбай ажы Таган уулу 11-сентябрда Бишкек шаарында өтүүчү ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынына катышуу үчүн күнөстүү Кыргызстанга келди.

Айта кетсек, Казакстан аалымдар делегациясында муфтийдин жардамчысы Ораз Деулет жана ислам илим изилдөө институнун директору Кыдыр Торали Едилбайулы бар. Ал эми кечээ, 9-сентябрда муфтийдин орун басары Сансызбай Чуханов, аппарат башчысы Гилимбек Мажиев, фатва бөлүмүнүн адистери Бауржан Абдулалиев, Медет Курсаков жана Уламалар Кеңешинин катчысы Батыржан Мансуров келген.