Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 21.07.2025
  • |

Азирети Муфтий КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушту

Бүгүн, 21-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов менен жолугушту.

Тараптар жолугушууда аймактагы диний абал, ысырапкорчулукка каршы көрүлүп жаткан аракеттер боюнча сөз кылып, тыгыз кызматташтыкты дагы да өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети Муфтий Баткен облусуна жасаган иш сапары боюнча токтолуп, КМДБнын борбордук жана аймактык ишмердүүлүгү тууралуу айтса, Президенттин аймактагы өкүлү облус аймагындагы инфраструктураны жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштер тууралуу кыскача маалымат берди.

Президенттин өкүлү атайын убакыт бөлүп, мекемени зыярат кылган Азирети Муфтийге ыраазычылык билдирсе, КМДБ жетекчиси жылуу маанайда кабыл алган Айбек Шаменовго алкыш айтып, иштерине ийгилик каалап, дубасын берди.