Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстандын мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров нурдуу Медина шаарында квалификациялык билимин жогорулатуу алкагында араб тилин тереңдетип жаткан кыргызстандык имамдардан кабар алды.
Ал имамдар менен жолугушууда өзүнүн кеп-кеңешин, акыл-насаатын айтып, дин кызматкерлеринин окууларына ийгилик каалады:
«Кадырлуу диний кызматкерлер! Сиздер мусапыр болуп, Ала-Тоодон алыста, миңдеген чакырым узактыкта Алланын ыраазычылыгын издеп, илим-билимиңиздерди тереңдетип жүрөсүздөр. Илимдин жана илим жолундагы адамдын пазилеттерин абдан жакшы билесиздер. Бул жактагы ар бир саат, ар бир мүнөт баалуу. Андыктан билим менен ибадатты айкалыштырып, убакытты сарамжалдуу өткөрүңүздөр. Кайрадан Ала-Тодон амандашканча Аллага аманат калыңыздар», – деди КМДБ жетекчиси өз сөзүндө.
Имамдар менен жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү Замир Турсунбеков, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдош ажы Абдылдаев жана БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов баштаган КМДБ кызматкерлери катышты.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-июлунда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы «Таба» ЖЧКнын колдоосу менен ыйык Медина шаарына 25 имамды тил үйрөнүү максатында жөнөткөн.
P.s.: Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун өлкөдөгү ислам маданиятын жогорулатуу жана КМДБны өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминде дин кызматкерлеринин квалификациялык билимин жогорулатуу, имамдардын профессионалдуулугун арттыруу, чет өлкөлөргө окууларга жана тажрыйба алмашууга жөнөтүү сыяктуу пункттар бар болчу.