Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 01.06.2025
  • |

Азирети Муфтий САПтын Ажылык жана Умра министрлигинин тышкы алакалар башкармалыгынын жетекчиси менен жолугушуп, ажылык ишин жакшыртуу жаатында пикир алышты

Бүгүн , 1-июнда  Сауд Араб Падышалыгында иш сапары менен жүргөн Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ажылык жана Умра министрлигинин тышкы алакалар башкармалыгынын жетекчиси, доктор Бадр Ас Суламий менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты андан ары бекемдөө, ажылык иштерин натыйжалуу жана иреттүү уюштуруу, ошондой эле зыяратчылар үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча пикир алмашышты. Өзгөчө көңүл ажылык ишин санариптештирүү, маалымат алмашууну ыкчам жана ачык жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү багыттарына бурулду.

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Сауд Араб Падышалыгынын ажылык жана умра жаатында жасап жаткан ири реформаларын жогору баалап, Кыргызстандык зыяратчыларга түзүлгөн ыңгайлуу шарттар үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, кызматташтык багытында министрликтин көрсөткөн колдоосун стратегиялык жана достук мамиленин үлгүсү катары белгиледи.

Доктор  Ас Суламий мырза Кыргызстан менен ажылык тармагындагы алакалар тыгыз байланышта өнүгүп жатканын айтып, мындан ары да өз ара түшүнүшүү жана ишенимге негизделген кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.

Бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы диний, маданий жана дипломатиялык алакалардын дагы бир бекем көрсөткүчү катары бааланды.