Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 03.08.2025
  • |

Азирети Муфтий СССР доорунда Куран жаттаган Шамшидин карыны зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров улуу муун кары-молдолорунун бири Шамшидин кары Ысак уулун зыярат кылды. Атеисттик доордо Куранды толук жаттап, хафиз болгон Шамшидин кары Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылында 47 жыл имамдык кылганы менен белгилүү. 

«Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): «Менин үммөтүмдүн эң жакшылары Куранды үйрөнүп жана башкаларга үйрөткөндөр» деп айткан. Дал ушул хадиске амал кылган, айтылуу Абдирайим карынын туңгуч шакирти, өтө кыйын мезгилдерде Куранды жаттап, көкүрөгүнө сактаган Шамши кары атабызды зыярат кылалы деп келдик. Куран кол жеткис болгон, устат табылбаган кыйын кезеңде Куранды жат кылып, түнү илим алып, күндүзү эмгек кылган атабызга алкыш билдиребиз», – деди Азирети Муфтий зыяратында.  

Шамшидин кары Ысак уулу тууралуу

Шамшидин кары 1938-жылдын 5-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылында туулган. 1945-жылдан тарта илим жолуна түшкөн ал 1970-жылга чейин күчтүү аалым-карылардан илим алган. Анын туңгуч устазы чөлкөмдөгү белгилүү карылардын бири Абдирайим кары. Шамшидин кары 1970-жылдан тарта 2017-жылга чейин өзү туулуп-өскөн айылында дээрлик жарым кылым имамдык кылган. 

Шамшидин кары өмүрлүк жары Камилакан апа экөө 7 уул-кызды татыктуу тарбиялап келе жатат.