Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» кабыл алуу үйүндө өткөн ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынынын алкагында, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров түрк дүйнөсүнүн муфтийлери менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Эки тараптуу жолугушууга Тарыхый саамалыкка Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы жана Азербайжан Республикасынын муфтийи, шейхул-ислам Аллахшүкүр Пашазаде, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Түркия Диянет иштери башкармалыгынын башчысы, проф., др. Али Эрбаш жана Өзбекстан мусулмандары Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтийи, шейх Нуриддин ажы Холикназаров катышты.
Айта кетсек, эл аралык деңгээлдеги маанилүү бул иш-чара КР Президентинин колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулду.