Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 10-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Өзбекстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтийи, шейх Нуриддин Холикназаровду «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алды.
Кадырлуу шейх Нуриддин Холикназаров 11-сентябрда Бишкек шаарында өтүүчү ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынына катышуу үчүн күнөстүү Кыргызстанга келди.
Айта кетсек, Өзбекстан аалымдар делегациясында муфтий жардамчысы Рахматуллох Холикназаров, эл аралык жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси Шавкат Абдухалилов, фатва борборунун жетекчисинин орун басары Гуломжон Холбоев, фатва борборунун адиси Хикматулла Таштамиров, муфтийдин жардамчысы Акматжан Туракхужаев, пресса кызматынын башчысы Комил Бурканов жана адиси Даврон Турсунов бар.