Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
ТМУнун Азирети Муфтийлери Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында болуп, кыргыз маданияты менен таанышты. Улуттук салбуурун өнөрү көрсөтүлгөн иш-чарага Казакстан, Түркия жана Өзбекстан муфтийлери катышып, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров коллегаларына байыркы баалуулуктарды тааныштырды.
11-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйыны расмий башталды. Тарыхый саамалыкка Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы жана Азербайжан Республикасынын муфтийи, шейхул-ислам Аллахшүкүр Пашазаде, Түркия Диянет иштери башкармалыгынын башчысы, проф., др. Али Эрбаш, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Өзбекстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтийи, шейх Нуриддин ажы Холикназаров катышты.
Айта кетсек, эл аралык деңгээлдеги маанилүү бул иш-чара КР Президентинин колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулду.