Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Коом | 29.12.2025
  • |

Балыкчы: Азирети Муфтий 80 жылдык тарыхый мечитти зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына болгон иш сапарынын алкагында калаадагы «Ысык-Көл» тарыхый мечитин зыярат кылды. Аталган мечит 1946-жылы түптөлүп, ошол күндөн ушул күн ибадатка ачык. 

Зыяраттын жүрүшүндө Азирети Муфтий буларга токтолду: «Биз аймактарга болгон сапарларыбызда улуу муундагы аалым-молдолорду зыярат кылып, дубаларын алып жатабыз. Аны менен бирге, тарыхый мечиттерди жана курулуштарды зыярат кылып, доорлордун кесилишинде элге руханий кызмат кылган жайларды жеринен көрүп жатабыз. Биз тарыхты унутпай, кыйың кезеңдерде кылынган кызматтарды жогору баалайбыз жана эски исламий архитетуралык имараттардын сакталып калышына кызыктарбыз».

Зыяратка Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдиманап кары Масалиев, КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов, Азирети Муфтийдин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Бакыт ажы Кайкиев, Азирети Муфтийдин Нарын облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Эрик ажы Молдокулов, Балыкчы шаарынын баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Чойбек ажы Исакунов катышты.

Айта кетсек, жогорку мечитте Молдо Назирбек, Чойбек ажы сыяктуу көрүнүктүү диний аалымдар имамдык кылышкан.