Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы «Ырыс» борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун жетекчилигинде маанилүү жыйын өттү. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдиманап кары Масалиев, КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов, Азирети Муфтийдин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Бакыт ажы Кайкиев, Азирети Муфтийдин Нарын облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Эрик ажы Молдокулов, Балыкчы шаарынын баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Чойбек ажы Исакунов ошондой эле Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы «Йакын-Инкар» агымынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кеңири баяндама жасап, ынтымак, биримдик, коомдук тынчтык маселелерине токтолду. Ал өз сөзүндө ар кандай туура эмес агымдардын кирип-кетүү жана бөлүнүп-жарылуу ислам динине туура келбей турганын белгилеп, Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасынын негизинде жашоо адамды эч качан туура жолдон адаштырбай турганын баса белгиледи.
«Кээде диний билим жетиштүү болбогондуктан, туура эмес багытка кетип калган бир туугандарыбыз болот. Аларды жектеп, бөлүп, наалат айта бербей, балким ийри олтуруп түз кеңешсек, салттуу ислам акыйкатын жана акыйдасын жетире алсак, ачык суроолоруна түз жана так жооп берсек, балким адашкан жолунан кайтар деп ойлодук. Ошентип чоочун көз караштагы замандаштар менен жолугушуу иш-чараларын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү баштадык. Буга чейин Бишкекте жолугушуу өткөргөн соң, адашкан агымдан баш тарткандар болду. Мындан ары да диалогду улантып, бир момундун болсо да туура жолду табышына аракет кыла беребиз, ин шаа Аллах», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.
Жыйындын соңунда аталган жарандар Азирети Муфтий баштаган аалымдарга суроолорун берип, сунуш-пикирлерин айтышты. Жооптордон соң өздөрүнүн мурдагы карманган жолдору туура эмес экенин моюнга алып, «Йакын-Инкар» агымынан толук баш тарткандыктарын билдиришти. Алар мындан ары мамлекеттик мыйзамдарга жана Муфтияттын фатваларына баш ийип, салттуу ислам багытында жашоого убада беришти.
«Биз адашкан жолго киргенибизди моюнга алабыз. Элге аралаша албай, мечитке кире албай калган элек. Бирок урматтуу хазрати муфтий атайын борбордон келип, биз менен жолугуп жатасыз. Бизге маани берип, түз сүйлөшкөнүңүз үчүн ыракмат. Буга чейин мындай болгон эмес. Адашканыбыз үчүн Алладан, андан кийин силерден кечирим сурайбыз. Биз мурдагы жолубуздан кайттык», – деп билдирди агым өкүлдөрүнүн бири.