«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Коом | 06.06.2025
  • |

Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Курман айт намазы окулду

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров бүгүн, 6-июнь күнү Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Курман айт намазы окуду. Бир жылда бир келчү Курман айт намазына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, шаар мэри Айбек Джунушалиев баштаган бийлик өкүлдөрү, КМДБ кызматкерлери, диний аалымдар жана шаар тургундары катышты.