«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга байланат» (хадис)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдилазиз кары Закиров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Баткен шаарында жайгашкан «Муаз ибн Жабал» медресесинин ишмердүүлүгүн карап, жеринде таанышып, медресеге заманбап интерактивдүү доска белек кылды. Бул белек окуу процессин санариптештирүүгө жана сабактардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Азирети Муфтий медресенин ишмердүүлүгү менен таанышып, ДОЖ жетекчилигинен окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жана билим берүү процесси тууралуу маалымат алды. Ал диний билим берүүдө ар бир окуучу-студентке жеткиликтүү, мазмундуу жана сапаттуу сабак берүү зарылдыгын баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Азирети Муфтий медресенин жалпы жамаатына ийгиликтерди каалап, алардын мындан аркы ишине ийгилик жана береке каалап бата кылды.
Белгилей кетсек, учурда «Муаз ибн Жабал» медресесинде 260тан ашык студент билим алууда.