Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында кыйын кезеңдерде элге кызмат кылып, куттуу динге жаштыгын, ден соолугун, өмүрүн арнаган ардактуу дин кызматкерлерин зыярат кылып жатат.
Зыяраттардын алкагында жүздөгөн шакирттердин устазы, белгилүү диний аалым Молдо Кабыл дамладан жана Бавадин Матрайымовдон кабар алды.
«Улуу муун аалымдарын дайыма сыйлап-барктап, дубаларын алууга аракеттенели. Анткени бул аталар өтө оор учурларда динге мээнет кылышкан. Аларга көп нерсе карыздарбыз», – деп билдирди КМДБ жетекчиси өз сөзүндө.
Молдо Кабыл 1930-жылдын 11-мартында төрөлгөн. Көп жылдар бою мечитте имамдык кылып, жаштардын диний сабатынын ачылышына салым кошкон. Ал эми 1932-жылы туулган Молдо Бавадин Булак-Башы айылында дээрлик 40 жыл имамдык кылган. 93 жана 95 жаш курагындагы кылым жашаган кадырлуу диний аалымдар учурда уул-кыздарынын төрүндө, элет элинин кашында кутмандуу карылыкты сүрүүдө.