Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында тайгалак ашуу, татаал кезеңдерде элге ак дил менен кызмат кылып, улуу исламиятка жаштыгын, ден соолугун, өмүрүн арнаган кадырлуу дин кызматкерлерин зыярат кылып, батасын алууда.
«Карысы бардын ырысы бар дейт. Бул аалымдарыбыз турганда ырыстуубуз деп так кесе айта алабыз. «Алладан башка кудай жок, Мухаммад Анын элчиси жана кулу» деп койгону үчүн нечен азаматтардын башы кеткен капсалаңдуу доордо канжыгага баш байлап, динге опол тоодой кызмат кылган улуу муун аалым аталарыбызды кастарлап, бата-дубаларын алалы. Кеп-кеңешин, сунуштарын, сын-пикирлерин угалы. Анткени бул кадырман инсандар пайгамбарыбыздын мураскорлору», – деди өз сөзүндө Азирети Муфтий.
Зыяраттардын алкагында Молдо Ахун (Ахунали ажы Курбанов), Зиевиддин максым (Зиевиддин ажы Мажитов) жана Мурзахатам максымдан (Мурзахатам Арипов) кабар алынды.
Ардактуу аалымдар тууралуу:
Курбанов Ахунали ажы 1958-жылы 10-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында төрөлгөн. Аталган шаардагы 30 жылдык тарыхы бар “Азирети Али” медресесин түптөгөн. Учурда Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Өрүк-Зар айылына көчүп келип, устаты молдо Абдусаттар ажы негиздеген “Азирети Усман” атындагы медреседе эмгектенип келүүдө. Курбанов Ахунали ажы Борбордук Азиянын устаты делген Мавлавий Хиндустаний Мухаммаджан молдо Рустам уулунан, Молдо Абдусами карыдан, Кыргызстандагы алгачкы Азирети Муфтий Мажитов Абдусаттар ажыдан жана белгилүү Молдо Шакир устаздардан сабак алып, бир топ жылардан бери өлкөбүздө ислам дининин бекемделишине салым кошуу менен бирге жүздөгөн шакирттерди тарбиялап келет. Анын шакирттери белгилүү дин аалымы катары жетилип чыгып, алды Муфтият, казыят жана хатибияттарда үзүрлүү эмгектенүүдө.
Салмактуу аалымдардын бири – Мажитов Зиевиддин ажы Кыргызстандын алгачкы муфтийлеринин бири Мажитов молдо Абдусаттар ажынын уулу. Баткен облусунун Кадамжай районундагы белгилүү дин ишмерлеринен.
Ал эми 16 жашынан тарта дээрлик 60 жыл имамдык кылган Мурзахатам максым 1948-жылдын 15-мартында Кадамжай районунун Актурпак айыл аймагында туулган. Суфизмге ыктаган Мурзахатам атанын диний сабаты өз атасы Ариф дамладан диний сабаты ачылган.