Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 21.11.2025
  • |

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары жана Ош шаарындагы ажы башчыларга сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 21-ноябрь күнү Ош шаарындагы “Сулайман Тоо” мечитинде Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары жана Ош шаарындагы ажы башчыларга багытталган алгачкы жыйын өткөрүлүп, ажы башчылыгын тастыктаган сертификаттар расмий түрдө тапшырылды.

Иш-чарага 2026-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган ажылык бөлүмүнүн кызматкерлери, КМДБнын Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев жетектеген өкүлчүлүк кызматкерлери, аймактагы ажылык боюнча жооптуулар, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары жана Ош шаарынан тандалган ажы башчылар катышты. 

Жыйын ажылыкты уюштуруу жана 2026-жылдагы ажылыкка карата даярдыктарды күчөтүү максатында уюштурулуп, ажы башчылардын жоопкерчилиги жана милдеттери тууралуу маалыматтар берилди. Иш-чара жүрүшүндө ажылык тартиби, сапар маалындагы коопсуздук чаралары жана зыяратчыларга кызмат көрсөтүү боюнча кеңири түшүндүрмөлөр айтылды.

Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев ажы башчыларга жогорку жоопкерчилик жүктөлөрүн айтып, зыяратчыларга кызмат кылууда адеп-ахлак, сабырдуулук жана уюшкандык маанилүү экенин баса белгилесе, муфтияттын Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев ажылыктын пазилеттерине кеңири токтолуп, ажыларга жана ажылыкка кызмат кылуунун артыкчылыктарын эске салды.

Айта кетсек, кечээ, 20-ноябрь күнү борбор калаадагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаарындагы ажы башчыларга жыйын өтүп, сертификаттар тапшырылган. 2026-жылдагы ажылык сапарында кыргызстандык зыяратчыларды коштоп баруу үчүн 134 ажы башчы тандалып алынган.