Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Коом | 29.12.2025
  • |

Баткен: Жаңы-Достук конушунда жаңы мечиттин курулушу башталды

Баткен районунун Достук жана Дөбө айылдарынын, Ак-Татыр айыл аймагынын Таш-Тумшук айылынын, Көк-Терек жана Мазеиттин жери участкаларынын, ошондой эле Самаркандек айыл аймагынын Тескей участкасынын тургундарын Баткен районунун Бужум айылына караштуу Чет-Булак участкасына курулуп пайдаланууга берилген жаңы Жаңы-Достук конушуна мечит салуу үчүн пайдубалын казуу иштери башталып, курулушка бата берилди. Аны Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Баткен шаарынын ардактуу атуулу Абдишүкүр ажы Нарматовдун демилгеси менен салынууда.

Иш-чарага КИУнун ректору, АКнин мүчөсү, Баткен шаарынын ардактуу атуулу Абдишүкүр ажы Нарматов, Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Алимбек Матмуратов, КМДБнын Баткен облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Нуридин ажы Мамасабиров, өкүлдүн орун басарынын милдетин аткаруучу Муса ажы Жолдошов, Баткен шаар жана районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Сейдакмат ажы Аппазов, ошондой эле жергиликтүү эл катышты.

Мечит курула турган участоктун жалпы аянты 6 700 чарчы метрди түзөт. Курулуш долбооруна ылайык, узуну жана туурасы 18 метрди түзгөн мечит менен кошо балдар үчүн диний билим берүү бөлмөлөрү жана имамдын иш бөлмөсү, ошондой эле соода сатык дүкөндөрү кошо  салынмакчы. Дүкөндөрдөн түшкөн каражат мечиттин кем-каржысына жумшалат. 

Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Алимбек Матмуратов Абдышүкүр ажы Нарматовго ыраазычылыгын билдирип, жергиликтүү бийлик да колдон келген жардамын берип, керектүү комуникация маселелерине жардам берилерин кошумчалады. 

Мындан сырткары, Абдышүкүр ажы Лейлек районунда да көчүрүлгөндөр үчүн жаңы курулган айылга мечит салууну пландап жатканын билдирди.  Абдышүкүр ажы Нарматов демилгелеген бул имарат 2026-жылдын август айында толук бүткөрүлөрү күтүлүүдө.