Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Эй адамдар! Силер Аллага муктажсыңар! Алла болсо эч нерсеге муктаж эмес, Макталуучу!» (Фаатир, 15).
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Базар-Коргон районундагы айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибдерине жыйын өткөрдү. Аталган иш-чарага Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун баш имам-хатиб милдетин аткаруучулар Бакытбек ажы Тунгатаров, Тынчтык ажы Шаиков жана аталган эки райондогу жалпы айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибдери катышты.
Жыйында Азирети Муфтий КМДБнын 2024-2029-жылдар аралыгындагы 40 кадамдан турган стратегиялык иш пландын негизинде, алгылыктуу иштер жүрүп жаткандыгы боюнча кеңири токтолуп, алдыда дагы аймактарды өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилеп өттү. Ошондой эле, айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибдерине бир катар тапшырмалар берилип, жоопкерчиликтүү болуп, элге, жамаатка жакшы кызмат кылууга чакырды.
“Имам өзүнүн кызматында жоопкерчиликти сезип, мечитинде намаздарда жамааты менен бирге болуусу – мойнундагы милдети. Имам мечитте беш убак намазын жамааты менен окуусу тийиш. Эгерде күндүзү кандайдыр бир зарыл иштери чыгып, мечитке баралбай калышы мүмкүн, бирок ал калган намаздарын мечитте жамааты менен окуусу зарыл. Ошондой эле, шам баяндарын калтырбоого тийиш", – деди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров.
Ошондой эле, жыйындын соңунда ислам дининин асыл баалуулуктарын калайыкка жеткирип, жарандардын руханий жан дүйнөсүн байытууга салым кошкондугу үчүн бир катар дин кызматкерлери муфтияттын ыраазычылык баракчасы тапшырылды.