«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Ордо калаадагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинин короосунда аз камсыз жарандарга 275 даана орозо баштыгы таратылды. КМДБ демилгеси, «Аль-Бир» кайрымдуулук фондунун колдоосу менен уюштурулган кайрымдуулук иш-чарасына Азирети Муфтийдин орун басарлары Талантбек ажы Темирбаев жана Жолдошбек ажы Абдылдаев, БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов, «Аль-Бир» регионалдык коомдук кайрымдуулук фондунун президенти Али Айоуб жана муфтият кызматкерлери катышты.
Иш-чарада Талантбек ажы Темирбаев катышуучуларга Азирети Муфтийдин саламын жеткирип, Рамазан айынын берекеси тууралуу учкай сөз кылды.
Айта кетсек, аталган фонд жыл сайын орозо айында кайрымдуулук иш-чараларын уюштурат. Быйылкы жылы «Human Appeal Australia» сүрөөнгө алды.