«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Коом | 25.02.2026
  • |

Борбордук текшерүү комиссиясы Баткен облусунда иш сапары менен болду

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин алдындагы Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов жана КМДБнын кассир-бухгалтери Султанбек ажы Момунов Баткен облусунда иш сапары менен болушту.

Иш сапардын алкагында Бакыт ажы Нурдинов Рамазан айында берилүүчү орозо-фитирди чогултуу тартиби боюнча кеңири маалымат берди. Ал заман талабына ылайык QR-код аркылуу орозо-фитир чогултууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, ошол эле учурда мечиттердеги атайын кутучалар аркылуу каражат чогултуу иштеринде тактык жана жоопкерчилик талап кылынарын баса белгиледи.

Өз кезегинде КМДБнын бухгалтер-кассири Султанбек ажы Момунов мечиттердеги садака кутучаларына мөөр басуу жана тиешелүү акт түзүү тартиби боюнча түшүндүрмө берип, практикалык түрдө көрсөтүп берди.

Айта кетсек, иш сапар текшерүү жүргүзүү жана усулдук жардам көрсөтүү максатында уюштурулду.