Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бишкек шаарындагы «Ыйман» мечитинде Брайль арибиндеги «Муаллими саани» китебинин таанытымы өтүп, ага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров катышты.
Ошондой эле аталган мечитте 14 аял, 15 эркекке багытталган эки жумалык семинарга старт берилди.
Саамалыкта китептин жаралуу тарыхы, машакаты, аткарылган иштер жана пландар боюнча сөз болду.
«Коомубузда мүмкүнчүлүгү чектелген бир туугандарыбыз бар. Биз аларды көңүлдөн сырт калтырбай, өз диндерин таанып, Куранды үйрөнүүлөрүнө шарт түзүүгө кызыкдарбыз. Буга чейин Бишкекте Ниматулла ажы, Ошто Кутман ажы азиз бир туугандарыбызга кызмат кылып келген. Алла Таалам ажыларыбыздын кызматтарын кабыл кылсын», – деди Азирети Муфтий.
Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөдө 10 миңден ашуун көзү азиз бар экени, анын ичинде 200 дөн ашуун киши мечитке келүүгө кезекте турары, бирок учурда шарттар жок экени, андыктан инклюзивдик диний билим берүүнү жолго коюу зарылдыгы талкууланды.
Айта кетсек, Азирети Муфтийдин өлкөдөгү ислам маданиятын жогорулатуу жана КМДБны өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын диний билим алуусуна шарт түзүү пункту бар болчу.