Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Бишкек шаарында жайгашкан “Evropa” мейманканасынын жыйын залында Чүй облусунун имамдарына багытталган “Ислам негиздери боюнча каржылоо” аттуу семинар өткөрүлдү. Дин кызматкерлеринин финансылык сабаттуулугун жогорлатуу максатында өткөн саамалыкта ислам финансысынын негизги принциптери – мурабаха жана мудараба тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы (КМДБ) жана ААК «Айыл Банк» Ислам терезеси тарабынан уюштурулган семинар Ханафи мазхабын бекемдөө, радикализмдин алдын алуу, фатва бөлүмүнүн алдындагы колл-центр менен байланышты күчөтүү, нике журналы, коомчулуктун финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана ислам банкинг системасы аркылуу соода-сатык мамилелерин шарият негизинде туура жүргүзүүгө багытталды.
Семинарга Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Акматжан Жумадыл, жарандарды диний маалымат менен камсыздоо (фатва) бөлүмүн Жоробай ажы Шергазиев, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, ошондой эле «Айыл банктын» ислам терезесинин жетекчиси жана банк кызматкерлери катышып, баяндамаларды жасашты.
Жыйында ислам терезеси аркылуу сунушталып жаткан каржылоо жана тейлөө кызматтарынын шарият талаптарына шайкештиги, мурабаханын өзгөчөлүктөрү жана анын рибадан (кредит) айырмасы кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле мудараба, риба, гайсир жана гарар түшүнүктөрүнө токтолуп, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооптор айтылды.
Мындан тышкары, учурда мурабаха ыкмасы менен иш жүргүзүп жаткан соодагерлердин ишмердүүлүгү шариятка канчалык деңгээлде туура келери талданып, интернет айдыңында тарап жаткан туура эмес маалыматтарга да тактоо берилип, түшүндүрмөлөр айтылды.
«Айыл банктын» өкүлдөрү элди тейлөөдө колдонулуп жаткан ислам терезесинин кызматтары тууралуу кенири маалымат беришти.
Ислам каржылоо системасы – адилеттүүлүккө, ачык-айкындыкка жана тараптардын укуктарын коргоого негизделген экономикалык мамилелердин жыйындысы. Шариятка ылайык Мурабаха келишими – Ислам каржылоо системасында кеңири колдонулган, шарият талаптарына толук жооп берген соода келишими болуп саналат.
Семинардын талкууланган жалпы маселелер:
•Агрокаржылоо;
•Бизнес каржылоо;
•Автокаржылоо;
•Ипотекалык каржылоо;
•Керектөө каржылоо;
•Товарларды бөлүп төлөө.