Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минирстрлигинин академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун өкүлдөрү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында болушту. Иш-чара аталган мекеменин 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында жүрөк-кан тамыры жана жугуштуу эмес орууларды көзөмөлдөө, эрте диагноз коюу жана алдын алуу үчүн саламаттык сактоо системасынын бейтапка багытталган интеграцияланган моделин түзүү боюнча «Саламат жүрөк» Улуттук Программасын ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.
Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Саламаттык сактоо министрлигинин калайыктын ден соолугу үчүн көрүп жаткан кызматын, камкордугун жана эмгектерин жогору баалап, Талант Сооронбаев башында турган Улуттук кардиология жана терапия борборунун эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.
«Динибизде адам баласы үчүн саламаттыгына көңүл буруу керектиги буйрук кылынган. «Кыжаалат болбо!», «Стресс болбо!», «Чөкпө!», «Кайгырба!», «Сабырдуу бол!» ж.б. деген насааттардын баары руханий жана баданий саламаттыкты, өзгөчө жүрөктү сактоого байланыштуу алтын эрежелер десек аша чапкан болбойбуз. Чыныгы момун ар кандай сыноого жана кыйынчылыктарга чөгүп кетпей, организмин кыйнап ийбей, кооз сабыр көрсөтүп, канаат кылып, топуктуу киши боло алат», – деди КМДБ жетекчиси өз сөзүндө.
Улуттук кардиология жана терапия борборунун адистери «Саламат жүрөк» Улуттук Программасынын алкагында жүрөк кан-тамыр ооруларын жана башка жугуштуу эмес оорулардын интеграцияланган алдын-алуу боюнча текшерүү (check up) модулун жүргүзүшүп, КМДБ кызматкерлери үчүн практикалык мүнөздөгү лекция өткөрүштү.
«Азыркы тапта жүрөк оорулары менен сыркагандар көп. Адатта жүрөгү ооруган адам аны байкабай калат да, күтүүсүз көз жумган учур көп кездешет. Кыргызстанда калктын өлүм көрсөткүчүнүн 52,3% түзүү менен башкы себеп болуп эсептелет», – деди Кыргыз Республикасынын башкы пульмонологу, аталган борбордун директору Талант Сооронбаев өз лекциясында.
Саамалыктын жүрүшүндө КМДБ кызматкерлерине багытталган акысыз жалпы текшерүү, ЭКГ жана кандагы канттын курамын текшерүү өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, «Саламат жүрөк» Улуттук Программасынын негизги стратегиялары төмөнкүлөр саналат:
1.Тобокелдиктерди стратификациялоо жана ЖКТО интеграцияланган алдын алуу стратегиясы;
2.Эрте диагноз коюу жана ЖКТО контролдоо стратегиясы;
3.Дарылоонун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу стратегиясы;
4.Оорулууларга жогорку технологиялык жардам берүү стратегиясы.