«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Коом | 03.09.2025
  • |

Дин кызматкерлерине КР ИИМдин атайын медалы тапшырылды

Бүгүн, 3-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Талантбек ажы Темирбаевге КР ИИМдин «Колдоо көрсөткөндүгү үчүн» медалы тапшырылды. 

Министрликтин Ардак грамотасын жана медалын Бишкек шаарынын ИИББ өкүлдөрү тапшырып жатып, Талантбек ажынын мекеме менен кызматташтыгын жана диний жааттагы көп жылдык эмгегин белгилеп өтүштү. 

Айта кетсек, мекеменин Ардак грамотасы жана ушундай эле медалы Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматовго да тапшырылды.