«Силердин эң жакшыларыңар – үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандарыңар» (Тирмизи)
Коом | 12.02.2026
  • |

Диний ишмер Рысбек ажы Кокумовдун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу жакындарына көңүл айтабыз!

Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары милдетин аткаруучу Рысбек ажы Кокумовдун жол кырсыгында каза болуп калганына байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Дин исламга өзүн арнаган диний аалым Рысбек ажы Кокумовдун дүйнө салганына байланыштуу суук кабарды оор кабыл алдык. 
“Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Бакара, 156). “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Анбийа, 35).

Рысбек ажынын Талас калкы үчүн жасаган мээнети зор. Элибизге динибиздин асыл баалуулуктарын жеткирүүдө салымы чоң инсан болчу. Анын эмгектери дин жолундагы жаш муундарга өрнөк болуп кала берет.

Урматтуу маркумдун жакындары, дос-санаалаштары. Алла Таала сиздерге сабыр, күч-кубат берсин. Ал эми маркумду Өз ырайымына алып, бейиш бакчаларын насип кылсын.

Дамланын жаткан жери жайлуу, топурагы торко, ыйманы саламат болсун.

КМДБнын эмгек жамааты

Маркум тууралуу маалымат:

Рысбек ажы Кокумов 1980-жылы 31-январь Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал медресесин аяктаган соң дин жолуна кызмат өтөй баштаган.
2011-жылдан баштап Кыргызстан айылыныны имам-хатиби;
2021-жылы декабрь айынан тартып Талас шаарынын баш имам-хатиби;
2023-жылдын август айынан баштап Талас облустук казыятынын (КМДБнын Талас облустук өкүлчүлүгүнүн) мечит жана медреселер боюнча адиси;
2024-жылы ноябрь айынын тарта Талас облусунун мусулмандарынын казысынын (азыр Азиретий Муфтийдин Талас облусундагы өкүлүнүн) орун басары болуп эмгектенип келген.

Кокумов Рысбек 2007-2011-жылдары “Али ибн Аби Толиб” медресесин бүтүргөн.
2017-жылы Кыргызстан Ислам университетинин “Араб тили жана шарият” адистигин аяктаган. 
Учрда Талас мамлекеттик университетинде окуп жаткан.

Динге, эл-журтка кылган кызматтары үчүн бир канча сыйлыкка ээ болгон.
Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ыраазычылык каты (2018-ж.)
Оро айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2020-ж.)
Бакай-Ата районунун Ардак грамотасы (2021-ж.)
Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын Ыраазычылык каты (2023-ж.)
Талас ОИИБнин Ардак грамотасы (2023-ж.)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ардак баракчасы (2024-ж.)
Талас ОИИБнин Ардак грамотасы    (2025-ж.)
КР ИИМдин “Кыргыз милициясына 100 жыл” юбилейлик медалы (2025-ж.)
Үй-бүлөлүү, 3 кыздын атасы болчу.