«Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң ардактууңар – эң такыбаңар» (Хужурат сүрөсү, 13-аят)
Коом | 09.02.2026
  • |

«Диний насаатчы» боюнча сынакка катышууну каалагандарга!

«Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» КР мыйзамы жана КМДБнын Уставынын негизинде диний насаат иштерин жүргүзүүнү каалаган жарандарды «Диний насаатчы» катары каттоого алуу иштери уланууда. Ага ылайык, төрага жана 4 мүчөдөн турган комиссия насаатчы болууга талапкерлердин талап кылынган документтерин карап, оозеки жана жазма түрүндө сынак алат. Андан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге макулдук берилип, ыйгарым укуктуу органга каттоого жолдонот.

 Талап кылынган документтер:

1. Азирети Муфтийдин атына арыз;
2. Паспорт көчүрмөсү;
3. Диний билимин тастыктаган диплом; 
4. Соттолбогонду туурасында маалымкат;
5. Жашаган жеринен тактама;
6. Аалымдар Кеңешинен же муфтийдин аймактык өкүлдөрүнөн мүнөздөмө (рекомендация). 

«Комиссия талапкерлердин илим-билимине, адеп-ахлагына, жүрүм-турумуна карайт. Өзгөчө матуридилик-ханафиликти карманышына басым жасайт. Ошондой эле аша чаппаган, чектен чыкпаган, элди биримдикке жана тынчтыкка үндөгөн жоопкерчиликтүү насаатчыларга артыкчылык берилет», – деди комиссиянын төрагасы, КМДБнын жарандарды диний маалыматтар менен камсыздоо (фатва) бөлүмүнүн башчысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Диний насаатчы болууга талапкерлерден сынак алуу жана макулдук берүү процесси атайын жобо менен ишке ашырылат.

Айта кетсек, КМДБнын расмий курамында иштебеген жарандар диний насаат иштерин жүргүзүү үчүн жогорку документтерин муфтияттын үгүт-насаат бөлүмүнө тапшырышы керек.