Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Үстүбүздөгү жылдын 18-июль күнү Чүй облусунун Кой-Таш айылында
"Коммуникация, ишеним жана эмдөө маселелери: кызылча боюнча диний лидерлер менен талкуу" деген аталышта жыйын болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик (ДИЭМУА), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Республикалык иммунопрофилактика борбору (КР ССМ РИПБ) жана башка өнөктөш мекемелер менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты — кызылча оорусунун алдын алуу, калктын эмдөө маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, диний лидерлердин катышуусу аркылуу ишенимди бекемдөө жана коомдо дезинформациянын жайылышын токтотууга көмөктөшүү болду.
Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик жана медициналык мекемелердин адистери тарабынан эмдөө, саламаттык сактоо, диний чөйрө жана коом менен байланыш темалары боюнча докладдар окулуп, катышуучуларга актуалдуу маалыматтар сунушталды. Ар бир баяндамада калк арасында эмдөөгө болгон ишенимди жогорулатуу, туура маалыматты жеткирүү жана диний лидерлердин бул процесстеги ролу тууралуу маанилүү ойлор жана практикалык сунуштар камтылды.
Бул жолугушуу – диний лидерлерди жигердүү тартуу менен эмдөөгө болгон мамилени өзгөртүү жана коомдук саламаттыкты чыңдоо багытында маанилүү кадам болуп саналат. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, диний уюмдардын лидерлери, медицина кызматкерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.