«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Коом | 25.02.2026
  • |

Доха: Азирети Муфтийлер ыйык Рамазанга карата жыйналышты

Катар мамлекетинин баш калаасы Дохада бир катар өлкөлөрүнүн Азирети Муфтийлеринин катышуусунда кеңешме өттү. Иш-чара өлкөнүн Ислам жана Вакф иштери боюнча министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

Салтка айланган саамалыкта ислам мурасын сактоо, үммөттүн биримдиги, элдер ортосундагы ынтымак, континенттер аралык момундардын алака-катышын жакшыртуу, дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана вакф маселелери талкууланды.

Кыргызстандын атынан катышкан Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, жамы катышуучуларды Ыйык Рамазан айы менен куттуктап өттү.

Иш-чарадан соң, Асири ал-Амири сарайында ыйык Рамазан айынын урматына аталган өлкөнүн эмири, жогорку даражалуу II Шейх Хамаддын Азирети Муфтийлерге, үлкөн аалымдарга, шейхтерге жана башкы мекемелердин кызматкерлерине, ошондой эле билим берүү жана илим тармагынын өкүлдөрүнө арналган ооз ачар кечи уюштурулду.