Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 2-июнда Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Мекке шаарында ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын мүчөлөрү жана ажы башчылар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи өлкө башчысынын саламын жеткирип, кыргызстандык зыяратчылардын ажылыгы тынч, коопсуз жана талаптагыдай өтүшү үчүн жалпы команданын биргелешип, уюшкандыкта иш алып баруусунун маанисин баса белгиледи. Ал бул ыйык миссия – мекендештерибиздин ажылык сапарын жөнгө салуу – чоң жоопкерчилик жана түйшүк экенин эске салды.
«Ажылык – бул ыймандын жана ыйыктыктын туу чокусуна жетелеген өзгөчө сапар. Бул жолдо ар бир жетекчи, ар бир кызматкер өз ишин жүрөктөн аткарып, мекендештерибиздин коопсуздугун, ден соолугун жана руханий тынчтыгын камсыз кылууга милдеттүү. Зыяратчыларга берилчү ар бир маалымат, ар бир уюштуруу иши – ибадаттын бир бөлүгү катары каралышы керек», – деп билдирди элчи Улукбек Марипов.
Элчи өз сөзүндө зыяратчыларга Сауд Арабия Падышалыгынын мыйзамдары, коомдук тартип эрежелери жана ыйык жайлардагы жүрүм-турум маданияты тууралуу жеткиликтүү жана өз убагында маалымат берүү ажы башчылардын негизги милдеттеринин бири экендигин эске салды. Ошондой эле штаб тарабынан белгиленген графиктерди жана уюштуруу тапшырмаларын так жана үзгүлтүксүз аткаруу зарылдыгын айтты.
«Ажылык – бул бүтүндөй элдин аманаты. Ар бир зыяратчы – Кыргыз Республикасынын өкүлү. Демек, алардын ар бир кадамы биздин мамлекеттин жүзү. Бул сапар ыйык, ошондой эле эл аралык деңгээлде тартиптүүлүктү, сабырдуулукту жана маданиятты көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүгү», – деди элчи.
Жолугушуунун соңунда Улукбек Марипов штаб кызматкерлерине жана ажы башчыларга ыраазычылык билдирип, алардын эмгегине ийгилик, чыдамкайлык жана сабыр тиледи. Ал ошондой эле мекендештерибиздин ажылык амалдары кабыл болуп, бул сапар ар биринин жүрөгүндө түбөлүк из калтырарына ишенимин билдирди.