Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 30.05.2025
  • |

Эмилбек ажы Андартегин: «Акыйда – Алланын дининин маңызы»

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Эмилбек ажы Андартегин Жалал-Абад шаарындагы “Абдулло” ислам институту жана “Айти” медресесинен кабар алып, студенттер менен жолугушту.  Жолугушууда Эмилбек ажы студенттерге ислам дининин негизи болгон акыйда илиминин маанилүүлүгү менен катар баалуулуктары жөнүндө сабак өттү.

Бир күндүк сабакта салттуу ислам баалууктарына кеңири токтолуп, матуриди акыйдасынын өзөктүү маселелери жөнүндө жеткиликтүү маалыматтар берген Андартегин: «Акыйда – Пайгамбарыбыз (С.А.В) бизге жеткирген Алланын дининин маңызы! Акыйдага маани бербей туруп адамдарды динге чакыруу – өз кызыкчылыктарыңа чакыруу болот. Акыйкатка эмес, өзүң ойлогондой, түшүнгөнүңдөй пикирге чакырууң болот», – деген пикирди айтты.

Семинарда өтүлгөн темалар:

1. Алла Тааланы бардык окшоштуктан жана кемчиликтен аруулоо.
2. ⁠Алла Таала орундан убакыттан тыш, аруу Зат.
3. ⁠Таухидди үчкө бөлүү катачылыгы.
4. ⁠Чоң күнөө кылган мусулман каапыр эмес.
5. Адашкан агымдар тууралуу баян.
6. ⁠Мусулмандардын бир туугандыгы жана акыйкатта биригүүсү.