Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Нике — менин сүннөтүм. Ким менин сүннөтүмдөн жүз үйрүсө, менден эмес” (Бухари, Муслим)
Бүгүн, 12-декабрь күнү Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров «Йакын-Инкар» кыймылынын мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушууда Азирети Муфтий ислам дининин акыйкаты, акыйда илими жана сүннөттү туура түшүнүү боюнча түшүндүрүү иш-чарасын өткөрдү.
«Ислам дининин түпкү мааниси тынчтык болуп саналат. Мусулмандар – бир туугандар. Кудайыбыз – бир, Кураныбыз – бир, кыбылабыз – бир, мүдөөбүз – бир. Андыктан бөлүнүп-жарылуу исламдын табиятына каршы келет. Биз акыйданы туура таанысак, эч качан адашпайбыз. Анткени ал илим ислам дининин өзөгү», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.
«Биз башында туура эмес түшүнүккө кирип алыптырбыз. Ошонун натыйжасында элден жана үммөттөн бөлүнүп калдык. Мурдагы жолубуздан баш тартып, ханафи мазхабына кайттык. Эми бүгүндөн баштап мыйзамга баш иебиз, Муфтийге итаат кылып, КМДБнын фатваларын аткарабыз. Даават мээнетинде Муфтият койгон тартипти сактайбыз», – деп билдиришти «Йакын-Инкар» кыймылынын мүчөлөрү.
Бул иш-чара муфтияттын салттуу исламды, тагыраагы ханафилик-матуридиликти жайылтуу жана салттуу эмес диний көз караштарга каршы агартуу иштерин жүргүзүү программасынын алкагында өтүп, бир нече жолку диний түшүндүрүү-агартуу иш-чарасынан соң аталган кыймылдын өкүлдөрү өз эрки менен мурдагы тар диний көз караштан баш тартышты.