Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Илимий-изилдөө институтунун алдында жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу жараяндарын бирдиктүү формага салып, борборлоштуруу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча Илимий кеңештин жыйынтыктоочу кеңешмеси болуп өттү.
Кеңеште өлкөдөгү руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды чыңдоо, диний насаат иштерин туура жолго коюу жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелери талкууланды. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда бул процесс жалпы жүрүп жатканы менен, көпчүлүк имамдар өз милдеттерин толук аткарбагандыктан, үгүт-насаатта шарияттык бирдиктүүлүк, улуттук-маданий өзгөчөлүктөрдү эске алуу жана бирдиктүү механизмдерди колдонуу талаптагыдай жүрбөй жатканы белгиленди.
Талкууда чет өлкөлүк диний агымдардын методикасын колдонуу, жергиликтүү диний салтты эске албоо коом ичинде түшүнбөстүк жана бөлүнүүгө алып келгени айтылды. Ошондой эле айрым катышуучулар изилдөөнүн максатын туура түшүнбөй жатышкандыгы белгиленди. Сөз кезегинде алып баруучу Ш.А. Исмаилов изилдөө салттуу исламдын жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу системасына арналганын, ал эми башка жамааттарга тиешеси жок экенин тактап өттү. Жыйын соңунда Азрети Муфтийге жолдонгон резолюция кабыл алынды.