«Эркек болобу, аял болобу – ким ыйман келтирип, жакшы амал кылса, Биз ага жакшы жашоо беребиз»
(Нахл сүрөсү, 97-аят)
Коом | 27.03.2026
  • |

Кара-Сууда «Элдин биримдиги жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо» аталышында иш-чара өткөрүлдү

Кечээ, 26-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун администрациясынын жыйындар залында дин кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, мектеп жетекчилери, этностордун мүчөлөрүнө жана башка активисттер үчүн «Элдин биримдиги жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо» аталышында иш-чара өткөрүлүп, ага КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин төрагасы Талантбек Ташибеков, Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров жана Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев катышып, баяндама жасашты.

«Мамлекеттик органдар үчүн калк менен тыгыз байланышта болуу — жөн гана кызматтык милдет эмес, бул артыкчылыктуу стратегиялык багыт. Элдин үнүн угуу, көйгөйлөрүн жеринен билүү жана коомдун суроо-талаптарына сезимтал мамиле кылуу башкаруунун сапатын жаңы деңгээлге көтөрөт. Бул байланыштын эң маанилүү көрсөткүчү — жарандардын кайрылуусуна ыкчам чара көрүү. Ар бир каттын, ар бир арыздын артында адам тагдыры, коомдук маселе турат. Мамлекеттик кызматкерлердин маселени создуктурбай, тез жана сапаттуу чечиши — бул мамлекеттин өз жаранына болгон сый-урматы», – деди төрага Талантбек Ташибеков.

Ошондой эле, катышуучулар тарабынан суроо, сунуш-пикирлер берилип, аларга жеткиликтүү жооптор менен иш-чара жыйынтыкталды.

Иш-чаранын соңунда төрага Талантбек Ташибеков Ош облусунун аймагындагы райондук баш имам-хатибдер менен таанышты.