Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 29.07.2025
  • |

Кочкор району: Азирети Муфтийдин Нарынга болгон иш сапары аяктады

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров райондордогу диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуп, хатибияттардан кабар алууга багытталган иш сапарынын алкагында Нарын облусунун Кочкор районунда болуп, имамдарга жыйналыш өткөрдү.

Жыйынды Эрик ажы Молдокулов ачып, «Урматтуу дин кызматкерлери! Имамдардан кабар алуу, дидарлашуу, пикир алышуу максатында Азирети Муфтийибиз райондорду кыдырууда. Албетте жетекчибиз баарыбызды борборго чакырып, жалпы жыйын өтүп коюп кетип калса болмок. Бирок 30 киши убара болбосун деп, имамдарды сыйлап, өзү ар бир районго барууда. Суроолор, сунуш-пикирлер болсо айтып, жооп алып алалы», – деди облус казысы.

КМДБ жетекчиси үй-бүлө баалуулуктарын коргоо, зордук-зомбулуктарга каршы агартуу иштерин колго алуу, салттуу ислам болгон матуридилик-ханафиликти сактоо, ысырапкорчулукка каршы иш-аракеттер ж.б. боюнча доклад жасады.

Ошондой эле КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеми боюнча маалымат берип, анын алкагында аткарылган демилгелер жана мерчемге ылайык бекитилген жарым жылдык иш-план менен тааныштырды.

«Жарандардын төрөлгөндөн баштап о дүйнөгө узатууга чейинки бардык исламий жөрөлгөлөрдү сиздер аткарып, элибиздин диний муктаждыгын чечип келе жатасыздар. Бул кызматыңыздар опол тоодой чоң. Ушул кезге чейин ак дил менен иштедиңиздер. Кудайым кызматыңыздарды кабыл кылсын. Эми бул жерге бири-бирибизди мактоо үчүн келген жокпуз. Бизди муфтий эмес, балким бир тууганыңыздар катары кабыл алыңыздар. Кеңешүүдө береке бар дейт, маңдай-тескей сүйлөшөлү. Диний кызматты мындан да жакшырталы. Азыр калайыктын деңгээли өскөн. Мурда даарат, намаз, орозо боюнча гана суроолор берилсе, азыр мурабаха, мудараба, мушарака деген ислам каржылык системинен суроолор түшүүдө. Ошондой эле санариптик доордун талабын орундатып, өнүгүп-өсөлү. Финансылык тактыкка жана ачык-айкындыкка жетишип, коомго үлгү бололу», – деди Азирети Муфтий өз баяндамасында.

Саамалыкта муфтияттын 1,5 жыл аралыгында аткарылган иштери жана «Нарк» долбоорунун алкагында тартылган таалим-тарбиялык видеолору көрсөтүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө имамдын этикасы, жүрүм-туруму, таасирдүү баян форматтары, эрте нике маселеси жана нике журналы боюнча лекция окулуп, аймакта диний агартуу иштерин жигердүү жүргүзүп келе жаткан райондогу үгүт-насаатчыларга муфтияттын Ыраазычылык каттары берилди.

Иш-чаранын 2-бөлүгүндө муктаж диний кызматкерлерге жана бир катар социалдык аз камсыз жарандарга кайрымдуулук жасалды.