“Кимде-ким (Аллага) чындап ишенип, Алладан жакшылык күтүп, Рамазанда орозо кармаса, анын ага чейинки күнөөлөрү кечирилет” (хадис).
📢 Хижрий 1447-жылдын Рамазан айынын башталышы боюнча жүргүзүлгөн байкоолор жана астрономиялык эсептөөлөрдүн негизинде, 2026-жылдын 18-февралы Шаъбан айынын отузунчу күнү деп эсептелип, Рамазан айынын биринчи күнү 19-февралга туура келери маалымдалат.
Төмөнкү мусулмандардын көпчүлүгүн түзгөн өлкөлөр да Рамазан айынын биринчи күнү катары 19-февралды жарыялашты:
Миср, Иордания, Сирия, Ирак, Иран, Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Индонезия, Бруней, Оман, Сингапур, Австралия, Япония, Пакистан, Индия, Малайзия, Түштүк Корея.
⏺ Ошондой эле Европа Фатва жана изилдөөлөр кеңеши да 19-февралды Рамазан айынын биринчи күнү деп жарыялады.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын маалымат кызматы