Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Жумгалдагы тарыхый мааниге ээ мечитти зыярат кылды.
Доорлордун алмашуусуна күбө болгон мечитти Азирети Муфтийге райондун баш имам-хатиби Болоткан Эсенбеков тааныштырды:
«Бул мечит биздин райондогу эң алгачкы документтүү мечит болуп саналат. Кеңеш өкмөтү тушунда Кыргызстан боюнча 34 мечит болсо, ошонун 1 и ушул болгон экен. Бул жерде айтылуу Кожомкул балбан ары-бери өткөн сайын намаз окуп турган. Ошол учурларда «кудай жок» деген пропаганда катуу жүргүзүлүп тургандыктан, бул мечитте жума намазда болгону 3 сап жамаат болгон», – деди.
Зыяраттын жүрүшүндө Чаектеги тарыхый мечиттин мурдагы имамы, мурдагы баш имам-хатиб, учурда Миң-Куш айылындагы «Нур» мечитинде имам болуп эмгектенип жаткан Уранбек Кунасов мечит боюнча кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүп, мында кызмат кылып кеткен имамдар тууралуу айтып өттү.
Айта кетсек, Азирети Муфтий диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуп, пикир алышуу жана хатибияттардан кабар алууга багытталган иш сапары менен аймактарда жүрөт. Иш сапар алкагында улуу муун аалым-молдолорун зыярат кылуу, диний объектилер менен таанышуу, мечиттердин жалпы абалына байкоо салуу программалары бар. Кожомкул балбан намаз окуган эски мечитти зыярат кылуу да ушул максатта ишке ашты.