Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 22-май күнү Сауд Араб падышалыгынын Медина шаарында ажылык сапарын баштап жаткан кыргызстандык ажылар үчүн тарыхый жана руханий мааниси чоң болгон зыяраттар уюштурулду. Ажылар бүгүн Куба мечити, Ухуд тоосу, эки кыбылалуу мечит жана курма бактарына барышты. Бул ыйык жайларда Пайгамбар (с.а.в) өмүрүнүн жана ислам тарыхынын маанилүү барактарын жеринен угуп, жүрөгү менен сезүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Ажылар барган алгачкы жер – Куба мечити. Бул – Пайгамбар (с.а.в) Меккеден Мединага хижрат кылганда негиздеген эң алгачкы мечит. Кыргызстандык ажылар мечитке барып, эки рекет намаз окуп, Мекенибиз, элибиз үчүн дуба кылышты.
Кийинки зыярат Ухуд тоосуна жасалды. Бул тоо – 625-жылы болгон Ухуд согушунун күбөсү. Согушта Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) агасы Хамза (р.а.) шейит болгон. Ухуд – ислам тарыхындагы оор сыноо менен катар чоң сабак берген окуя.
«Пайгамбар (с.а.в) айткан: “Ухуд – бизди сүйөт, биз да аны сүйөбүз” (Бухари). Кыргыз ажылары Хамзанын (р.а.) жана башка шейиттердин кабырларына барып куран окушту. Эки кыбылалуу мечит (Масжид Кыблатайн) мусулмандардын намаз багытынын Кудустагы Аль-Аксадан Меккедеги Каабага өзгөртүлгөн жери. Бул өзгөрүү тууралуу Куранда мындай делет: “Биз сенин жүзүңдүн асманга бурулганын көрүп турабыз. Эми сени ыраазы болчу багытка бурдук. Эми жүзүңдү Масжид аль-Харамга бура бер...” (Бакара, 144-аят). Бул мечитте мусулмандардын Алланын буйругуна болгон толук баш ийүүсү, ыймандын бекемдиги жана улуу сыноого болгон даярдыгы айкын көрүнөт», – деди Муса ажы Жолдошев.
Зыяраттын соңунда ажылар Мединадагы белгилүү курма бактарына барышты.
«Курма бактары ыйык Мединанын символдорунан. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Эгер кыяматтын келерин билип туруп, колуңда бир түп курма болсо, аны отургузуп үлгүр” деген (Бухари). Бул сапарда ажылар Пайгамбардын жашоосундагы жөнөкөйлүктү, эмгекти сүйгөндүгүн жана садака берүүнүн маданиятын терең түшүнүштү", – деди Абдыжапар ажы Ибрахимов.
Зыярат учурунда ажы башчылар ар бир жайдын мааниси тууралуу түшүндүрмө берип, мусулмандардын тарыхты билүүсү, сабыр менен аракет кылуусу жана ынтымакта болушу – бүгүнкү күндө да эң керектүү сапаттар экенин баса белгилешти.
«Бул жерлерде Пайгамбардын өмүрү жаңырып тургандай. Ар бир кадам – ибрат. Ар бир дуба – жүрөктөн чыгат. Тарыхты угуп коюу аздык кылат, аны сезүү керек. Зыяраттар болочок ажылар үчүн ажылыктын руханий маанисин терең түшүнүү жана ыйманын бекемдөө жолунда чоң кадам болду», – деди ажы башчы Махмуд Курбанбаев.