Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Райондук баш имам-хатибдердин кызматтык унаалары кароодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов кабарлады.
«Бул унаалар башкы имам-хатибдерге берилген аманат. Автоунааны этияттап, абайлап, сарамжалдуу пайдаланбаса, тез эле бузулуп же жарактан чыгып калышы ыктымал. Биз алты ай сайын кызматтык унааларды текшерүүдөн өткөрүп, абалына байкоо салып турабыз. Бул унаалардын динибизге көп-көп кызмат кылып, дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетишине кызыктарбыз. Текшерүү Чүй облусунан башталды», – деди БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов.
Айта кетсек, КР Президенти тарабынан 9 казыга жана 40 баш имам-хатибге ата мекендик өндүрүштөн чыккан Chevrolet үлгүсүндөгү жаңы унаалар тапшырылган болчу.