Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Бүгүн, 24-декабрь күнү Бишкек шаарындагы «Жаннат» мейманканасынын жыйындар залында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыл жыйынтыктоочу иш-чарасы өттү. Саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү Замир Турсунбеков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын милдетин аткаруучу Канатбек Мидин уулу, аталган мекеменин бөлүм башчысы Айбек Иминов, АК төрагасынын орун басарлары Абдиманап кары Масалиев жана Абдиваси ажы Матраимов, Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бактыбек ажы Нурдинов, КМДБнын жалпы жамааты, Азирети Муфтийдин аймактардагы өкүлдөрүнүн м.а., 53 баш имам-хатибдин милдетин аткаруучу катышты.
Жыйында 40 кадамдын алкагында аткарылган жалпы иштер видео форматта көрсөтүлүп, аймактык түзүмдөрдүн отчётторуна анализ жасалды.
«Биз отчёт берүүнүн форматын өзгөрттүк. Жөн гана кооз сөз, көркөм презентация эмес, аткарылган ишке адилеттүү сереп салып, баалоону жолго койдук. Муфтияттын 5 жылдык иш-мерчеми белгилүү, бекитилген иш-пландар белгилүү, отчётторду ошонун негизинде гана кабыл алдык. Ошондой эле хатибияттарга штаттык орундарды ачуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча олуттуу пландарыбыз бар», – деди Азирети Муфтий өз баяндамасында.
КМДБ жетекчиси «40 кадам» иш-мерчеминин алкагында аткарылган иштер, райондук баш имамдардын жылдык отчётторуна мониторинг, диний мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, хатибияттарды InfoDocs системасы менен камсыздоо, кадрдык резерв, материалдык-техникалык камсыздоо жана жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча кеңири токтолду.
Жыйындын жүрүшүндө КМДБ менен жыл бою тыгыз кызматташып, ар тараптан колдоо көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрүнө, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешиндеги аалымдарга жана АКтын алдындагы текшерүү комиссиясынын төрагасына муфтияттын жогорку даражалуу атайын сыйлыктары тапшырылды.
Жыл жыйынтыктоо аземинин соңку бөлүгүндө 2025-жыл ичинде муфтияттын аймактардагы өкүлчүлүктөрүнүн жана райондук-шаардык хатибияттардын ишмердүүлүгү боюнча отчёттору жыйынтыкталып, ишине жараша бааланышты.
ТИЗМЕ:
2025-жылга карата КМДБнын облустук жана шаардык өкүлчүлүктөрдүн ишмердүүлүгү боюнча отчёттун жыйынтыгынын негизинде төмөнкүлөр сыйланды:
1. 2025-жылы өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүн мыкты жүргүзүп, отчётторду өз убагында активдүү тапшыргандыгы үчүн Азирети Муфтийдин Нарын облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Молдокулов Эрик Тыныбекович КМДБнын “Мыкты өкүл – 2025” номинациясы менен сыйланды.
2. 2025-жылы өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү боюнча отчёт тапшырууда өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөткөндүгү үчүн Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Узеналиев Сулумбек Дилдебекович КМДБнын Ардак грамотасы менен сыйланды.
2025-жылы хатибияттын ишмердүүлүгүн мыкты жүргүзүп, отчётторду өз убагында активдүү тапшыргандыгы үчүн төмөнкү баш имам-хатибдин милдетин аткаруучулар КМДБнын “Мыкты баш имам-хатиб – 2025” номинациясы менен сыйланышты:
Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Топчиев Нийматилла Асилбекович;
Бишкек шаары, Свердлов районунун баш имам-хатибиинин милдетин аткаруучу – Курманбаев Уланбек Токоевич;
Жалал-Абад облусу, Манас шаарынын баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Тургунбаев Мелисбек Маданбекович;
Нарын облусу, Ат-Башы районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Тахиров Абдулла Убеевич;
Ош облусу, Өзгөн районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Маматтурсун уулу Үсөн;
Талас облусу, Манас районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Дадабаев Миржалал Мадумарович;
Чүй облусу, Жайыл районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Омуралиев Нурдан Эсенкулович;
Ысык-Көл облусу, Каракол шаарынын баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Ыбыкеев Рустам Толомушович.
2025-жылы хатибияттын ишмердүүлүгү боюнча отчёт тапшырууда өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөткөндүгү үчүн төмөнкү баш имам-хатибдин милдетин аткаруучулар КМДБнын Ардак грамотасы менен сыйланышты:
Баткен облусу, Кадамжай районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Усманов Абдумиталиб Мурзаматович;
Бишкек шаары, Ленин районунун баш имам-хатибиинин милдетин аткаруучу – Кулуев Сүйүнали Уланович;
Жалал-Абад облусу, Ала-Бука районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Чыналиев Шумкарбек Канайбекович;
Нарын облусу, Кочкор районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Арзымкожоев Жеңишбек Токтобекович;
Ош облусу, Алай районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Бообеков Эмирлан Алтымышович;
Талас облусу, Айтматов районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Куматаев Исламбек Сейдилдаевич;
Чүй облусу, Ысык-Ата районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Убабеков Бактыбек Сансызбаевич;
Ысык-Көл облусу, Тоң районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Акунов Таалайбек Үсөнович.
2025-жылы хатибияттын ишмердүүлүгү боюнча отчёт тапшырууда уюштуруу иштеринде өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн төмөнкү баш имам-хатибдин милдетин аткаруучулар КМДБнын Ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты:
Баткен облусу, Баткен районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Аппазов Сайдахмад Кожоевич;
Бишкек шаары, Октябрь районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Эшматов Таштемир Ибраимович;
Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Тунгатаров Бакытбек Ашимбаевич;
Нарын облусу, Нарын районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Чыров Рустам Орозобекович;
Ош облусу, Ноокат районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Жапаров Бекназар Толкунбекович;
Талас облусу, Талас районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Өмүралиев Райымберди Советбекович;
Чүй облусу, Кемин районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Дуйшебаев Куттубек Асанбекович;
Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу – Акылбек уулу Талантбек.