Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Албетте, Аллах Таала силерден бирөөнүн Ага такыбалык менен кылган амалдарын жакшы көрөт” (хадис)
Бүгүн, 31-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында (КМДБ) кеңейтилген жыйын өтүп, анда диний билим берүүнү реформалоого багытталган бир катар маанилүү маселелер талкууга алынды. Жыйынга КМДБнын жетекчилиги, бөлүм башчылар, Азирети Муфтийдин облустук жана шаардык өкүлдөрү жана тиешелүү адистер катышты.
Чукул жыйындын максаты – өлкө башчысы Жапаров Садыр Нургожоевичтин IV Элдик курултайда диний окуу жайларды бирдиктүү стандарттарга киргизүү жана аларды борборлоштуруу боюнча берген тапшырмаларын аткаруу болуп саналат. Президент диний билим берүү тармагын тартипке келтирүү, стандартташтыруу, борборлоштуруу жана сапатты жогорулатуу зарылдыгын өзгөчө белгилеген.
Жыйындын күн тартибинде эки негизги маселе каралды:
1. Бирдиктүү диний билим берүү стандарттарын ишке ашыруу;
2. Диний окуу жайларды борборлоштуруу.
Талкуу учурунда КМДБнын диний билим берүү боюнча жетекчилери 2025–2026-окуу жылына карата иштелип чыгып, бекитилген жаңы ички (мамлекеттик эмес) орто жана жогорку диний билим берүү стандарттарын, окуу пландарын жана программаларын жандандыруу тууралуу көрсөтмөлөрдү беришти. Мындан тышкары, диний билим берүүнү борборлоштурууга багытталган жаңы долбоор – “Аймактык борбордук диний окуу жайларды түзүү” – тааныштырылып, анын максаты жана функциялары кеңири түшүндүрүлдү.
Долбоордун негизги багыттары катары төмөндөгүлөр белгиленди:
1. Ар бир облуста борбордук жогорку диний окуу жай түзүлүп, ал өз аймагындагы медреселер үчүн окуу-методикалык жана координациялык борбор катары кызмат кылат.
2. Ар бир райондо борбордук орто диний окуу жай түзүлүп, район ичиндеги медреселерге окуу-методикалык жардам көрсөтөт.
3. Аймактардагы бардык диний окуу жайлар билим берүүнүн бирдиктүү стандарты боюнча окутууга өткөрүлөт.
Бул демилгелер Президенттин реформаларга байланышкан көрсөтмөлөрүнүн логикалык уландысы экени белгиленди жана жыйындын аягында төмөндөгүдөй протоколдук тапшырмалар берилип, чечимдер кабыл алынды:
1. 2025-жылдын 1-декабрында КМДБ тарабынан бекитилген жаңы диний билим берүү стандарттарын жана окуу пландарын ишке ашыруу күчөтүү тапшырылды. Ишке ашыруу райондук хатибияттарга, ал эми көзөмөл облустук өкүлдөргө жүктөлдү.
2. Облустук деңгээлдеги борбордук жогорку диний окуу жайларды ачууга даярдык көрүү, сунуштарды даярдоо облустук өкүлдөргө тапшырылды.
3. Райондук деңгээлдеги борбордук орто диний окуу жайларды түзүүгө даярдык көрүү, сунуштар берүү облустук өкүлдөргө тапшырылды.
4. Жаңы түзүлүүчү облустук жана райондук борбордук диний окуу жайлар үчүн кыргызча аталыштардын тизмесин сунуштоо айтылды.