Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 7-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартизация жана метрология борборунда KMC OIC/SMIIC 2:2022 “Halal conformity assessment – Requirements” стандартынын ишке ашырылышы жана колдонуу маселелери боюнча жыйын болуп өттү.
Иш-чарага Кыргызстандарттын директору Айбек Мусаев, мекеменин адистери, КР Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин өкүлү Кубан Ибраимов, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Азамат Исмаилов, адал бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев, фатва жана үгүт-насаат бөлүмдөрүнүн адистери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар адал стандарттарынын маанисин, алардын эл аралык жана улуттук деңгээлдеги колдонулушун талкуулашты. Өзгөчө “адал” түшүнүгүнүн диний мазмунуна жана аны туура түшүнүү маселесине дыкат көңүл бурулду.
Катышуучулар адал стандарттарын ишке ашырууда диний жана техникалык ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, өз ара координацияны жакшыртуу жана эл аралык тажрыйбага шайкеш иш алып баруу зарылдыгын белгилешти.
Жыйындын соңунда тараптар адал стандарттарын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда тыгыз кызматташтыкты улантуу боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишти.