Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кадрлар резервин түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт.
Кадрдык резервди түзүү атайын жобого ылайык жүргүзүлүп, анын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин облустагы жана шаардагы өкүлү кызмат ордуна, өкүлчүктүн курамынын кызмат ордуна, ошондой эле, райондук жана шаардык баш имам-хатибдердин кызмат ордун ээлөө үчүн кадрдык резервге кирүү боюнча ачык сынак өткөрүлөт. Бул биринчи этап. Экинчи этапта жооптуу имам, имам-хатиб, имам жана ДОЖ кызматкери ордуна конкурстар өтөт.
Сынакка катышуучу талапкерлерге коюлуучу талаптар жана тапшырылуучу документтердин тизмеси Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Каалоочулардын документтерин кабыл алуу КМДБнын Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү жана аймактык өкүлчүлүктөрдүн кадрлар боюнча адистери тарабынан ишке ашырылат.
Сынакка катышууну каалаган талапкерлер документтерин электрондук түрдө kg_muftiyat@mail.ru дарегине жана тиешелүү аймактык өкүлчүлүктөрдүн электрондук почталарына жөнөтүшү керек.
Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер:
1. Конкурска катышуу үчүн жеке арыз;
2. Форма боюнча сүрөтү менен кошо резюме;
3. Резюме төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- туулган жери;
- жашаган жери;
- соц тармактагы баракчасы;
- байланыш номуру;
- билими;
- биринчи иштеген жеринен баштап азыркы же акыркы кызмат ордуна чейин ырааттуу тартипте талапкердин иш тажрыйбасы.
4. Негизги жана кошумча билими бар экендигин тастыктоочу документтердин көчүрмөсү;
5. Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
6. Илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
7. Паспорттун көчүрмөсү
- Түп нускалары конкурска келгенде көрсөтүлөт.
- Талапкер кайсыл кызматка талапкерлигин коюп жаткандыгын белгилейт.
Документтер электрондук форматта kg_muftiyat@mail.ru дарегинде, ал эми кол жазма түрүндө муфтиятта же өкүлчүлүктөрдө кабыл алынат.