Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Үстүбүздөгү жылдын 18–21-ноябрь күндөрү Россия Федерациясынын Дагестан Республикасынын Махачкала шаарында эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Талантбек ажы Темирбаев жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эл аралык байланыштар жана мекеменин протокол секторунун башчысы Белек ажы Жапаракунов катышты.
Конференциянын алкагында делегация Дагестан гуманитардык институтунун теология факультетин зыярат кылып, институттун ректору Нухкади Джалалович Бахмудкадиев, теология факультетинин деканы, окутуучулар жана студенттер менен жолугушту. Ошондой эле Дагестан гуманитардык институту тарабынан уюштурулган атайын программада ардактуу конок болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Талантбек ажы Темирбаев жалпы Кыргызстан мусулмандарынын жана Азирети Муфтийдин атынан салам жолдоп, «Мамлекеттин туруктуулугунун негизги факторлору катары элдердин биримдиги» аттуу темада баяндама жасап, студенттердин окууларына ийгиликтерди каалады.
Бул иш-чара жума күнүнө туура келгендиктен, Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев Каспий шаарындагы борбордук мечитте жума намазына катышып, жамаатка кыскача сөз сүйлөп, жалпы мусулмандардын тынчтыгы үчүн дуба кылды.
Эске сала кетсек, аталган конференция эртең дагы уланмакчы.