Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 24.11.2025
  • |

Махачкалада «Ислам дининин баалуулук багыты катары Ата-Мекенге кызмат кылуу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Үстүбүздөгү жылдын 19-22-ноябрь күндөрү Россия Федерациясынын Дагестан Республикасынын Махачкала шаарында «Ислам дининин баалуулук багыты катары Ата-Мекенге кызмат кылуу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин жыйынтыктады. Конференцияга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Талант ажы Темирбаев жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эл аралык байланыштар жана Азирети Муфтийдин протокол секторунун башчысы Белек ажы Жапаракунов катышты.

«Азыркы дүйнө руханий кризистерге, нравалык баалуулуктардын жоголушуна, улуттук нарктардын солгундашы сыяктуу коркунучтарга туш болуп турган кезде, ислам адамзатты асыл жолго чакырат — бул өз элиңе, өз Мекениңе жана бүтүндөй адамзатка кызмат кылуу жолу. Аллах Таала Куранда айтат: وَقُلِ اعْمَلُوا فَسَيَرَى اللَّهُ عَمَلَكُمْ وَرَسُولُهُ وَالْمُؤْمِنُونَ «Айткын: Иш кыла бергиле! Аллах силердин ишиңерди да, Анын Элчиси жана момундар да көрүшөт» («Тавба» сүрөсү, 105-аят). Бул аят коомго, Ата-Мекенге, динге пайда алып келүүчү ар бир аракет, эгерде ниет таза болсо, Аллахка кылынган ибадат экенин эскертип турат. Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ: «حب الوطن من الإيمان» — «Мекенди сүйүү — ыйман белгиси», — деп айткан. Бул хадистин тексти ар кандай риваяттарда келгенине карабастан, анын маңызы исламдык салтта бекем орун алган: чыныгы мусулман өз жерин сүйөт, аны коргойт, анын келечегине кам көрөт жана коомдогу тынчтыкты сактайт. Ата-Мекенге кызмат кылуу — ислам түшүнүгүндө жөн гана чек араны же элди коргоо эмес; бул — эмгек, билим, жаштарды тарбиялоо, алсыздарды колдоо, илимди жана адеп-ахлакты жайылтуу. Бул — Аллах берген нематтарга шүгүрчүлүк кылуунун көрүнүшү», – деди Азирети Муфтийинин орун басары Талант ажы Темирбаев өз баяндамасында.

Россиянын ар кайсы аймактарынан жана чет мамлекеттерден келген диний лидерлер, окумуштуулар жана интеллигенция өкүлдөрү катышкан конференциянын алкагында атайын отурум өтүп, чечимдер талкууланды. 

Ал эми конференциянын пленардык жыйынында деструктивдүү идеологияларга каршы туруу жана өлкөлөрдүн руханий коопсуздугун бекемдөө боюнча практикалык сунуштар иштелип чыкты. Форумдун башкы максаты — салттуу ислам билими аркылуу жаштарга радикалдуу агымдардын таасиринин алдын алуу экенин уюштуруучулар билдиришти.