Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Манас районундагы 170 жылдык тарыхый мааниге ээ мечитти зыярат кылды.
Доорлордун тогошуусуна, кылымдардын алмашуусуна күбө болгон мечитти Азирети Муфтийге райондун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев тааныштырды:
«СССР мезгилинде Талас боюнча жападан-жалгыз ушул мечит сакталып калган. Ушунчалык оор мезгил болгонуна карабай, аталарыбыз канжыгага баш байлап, намаздарын окуй беришкен. Мына ушундай эрдик менен ушул мечит кампага же малсарайга айландырылбай, мечит бойдон калган», – деди.
Миржалал ажы тарыхый мечитке байланыштуу бир катар кызыктуу маалыматтарды айтып, бул жерде иштеп кеткен ардактуу дин кызматкерлери тууралуу учкай маалымат берди.
Айта кетсек, Азирети Муфтий диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуп, пикир алышуу жана хатибияттардан кабар алууга багытталган иш сапары менен аймактарда жүрөт. Иш сапар алкагында улуу муун аалым-молдолорун зыярат кылуу, диний объектилер менен таанышуу, мечиттердин жалпы абалына байкоо салуу программалары бар. 170 жылдык эски мечитти зыярат кылуу да ушул максатта ишке ашты.