«Эркек болобу, аял болобу – ким ыйман келтирип, жакшы амал кылса, Биз ага жакшы жашоо беребиз»
(Нахл сүрөсү, 97-аят)
Коом | 26.03.2026
  • |

Маркум Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган республикалык Куран жарыштын облустук этаптары өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан белгилүү дин аалымы, экс-муфтий, маркум Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган Куран жарышынын облустук-шаардык этаптары өткөрүлдү. Куран конкурстун максаты жаштар арасында Куранга болгон кызыгууну арттыруу жана аларды шыктандыруу болуп эсептелет.

Республикалык Куран жарыштын финалдык туру 2026-жылдын 1-2-апрель күндөрү Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өткөрүлөт.

Жарыштын критерийлери жана катышуу шарттары төмөндөгүдөй:
1) Критерийлер:
− Курандын толук 30 парасын тажвид эрежеси менен жатка билүү;
− Курандын 20 парасын тажвид эрежеси менен жатка билүү;
− Курандын 10 парасын тажвид эрежеси менен жатка билүү.

2) Талаптар:
− Катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш;
− Катышуучунун жаш курагы 35 жаштан ашпашы керек;
− Эл аралык жарыштарда байгелүү орундарды алгандар жарышка катыша
албайт;
− Жарышка катталгандан кийин сынактан баш тартууга болбойт;
− Кечигип келген катышуучулар жарышка киргизилбейт.

3) Кошумча маалыматтар:
− КМДБнын облустук жана шаардык өкүлчүлүктөрү
тарабынан 2026-жылдын 27-мартына чейин аймактык тандоо
турлары өткөрүлөт.
− Тандоо турунун жыйынтыгында 30, 20 жана 10 пара номинациялары
боюнча 1-орунду алган катышуучулар республикалык финалга
жолдомо алышат.
Ал эми 2-апрелде жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлөт.

Конкурс мырзалар арасында гана өтүүдө.

Кененирээк маалымат үчүн: 0755031031